• 88.68
  • 95
  • 0.95

Военно-Антоновка айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Военно-Антоновка айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Л.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий