• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматынын лотереясына катышуучулардын саны 300 миңден ашты

Экономика 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. 300 миңден ашуун кыргызстандык өздөрүнүн активдүү жарандык позициясын көрсөтүшүп, Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына катышып жатышат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, акыркы 4 айда кызыктыруучу лотереянын катышуучуларынын саны 68 миңге көбөйүп, бүгүнкү күндө 306 миң 21 адамды түзүүдө.

Лотереянын катышуучулары 9,1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешип, 8,1 млн ID-номери ыйгарылган, алардын ар бири лотереяга катышат.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрда 1 миң 244 байге ойнотулуп, анын ичинде Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Dyson маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп, товарларды же кызматтарды сатып алуудан кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Жарандардын лотереяга катышуусу – бул ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусуна коомдук контролдун натыйжалуу формасы, ошондой эле баалуу байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий