• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Военно-Антоновка мектеп-гимназиясына компьютер жана китептер тапшырылды

Коом 0


Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Военно-Антоновка мектеп-гимназиясына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анда министр мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуп, алардын министрлик менен бирге иш алып баруу боюнча сунуш-пикирлерин укту.

Буга кошумча Уланбек Мамбетакунов мектеп-гимназияга 6 даана компьютер жана китептерди белекке берди.

“Бул мектеп менен мени көп нерсе байланыштырып турат. Үч жыл бою студенттер менен биргеликте балдарга ар түрдүү оюндарды, спорттук, маданий иш-чараларды уюштурганбыз. Мектепте жогорку квалификациялуу мугалимдер эмгектенерин билем. Балдарга билим берүүдө сиздердин эмгегиңиздер чоң. Баарыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм”, - деди Мамбетакунов.

Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында жалпы 890 окуучу билим алып, 56 мугалим эмгектенет.

Ошондой эле учурда мектепте Баткенден келген 17 окуучу билим алуусун улантууда.

Пикир

Оставить комментарий