• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын коменданты: Тартипке баш ийбегендерге карата чара көрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттө өткөн брифингдин жүрүшүндө Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, шаардын аймагы 4 коменданттык тилкеге бөлүнүп, алардын ар биринде комендант дайындалган. Шаар боюнча 41 блокпост орнотулган.

"Дүйнө жүзүн каптаган пандемиядан улам президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаарына 25-март саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилди. Ага ылайык, жарандар карантиндин эрежелерин сактоосу керек. Тартипке баш ийбегендерге карата чара көрүлөт", - деп билдирди Орозалиев.

Эске сала кетсек, 25-март саат 14:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда жугуштуу илдетти жуктуруп алгандардын саны 44 кишиге жетти.

-Ош облусунда – 20 учур,

-Жалал-Абад облусунда – 19 учур,

-Бишкек шаары – 3 учур,

- Чүй облусунда – 1 учур,

-Баткен облусунда – 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий