• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9 айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 299 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 299 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 16,6 пайызга жогору.

"Буга негизги металлдардын өндүрүлүшү (37,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (28,2 пайызга), мунай заттардын (13,1 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12,1 пайызга), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (5,1 пайызга) ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (8,7 пайызга) өсүшү таасир эткен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий