• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Казакстан кызматташуунун зарылдыгын түшүнүшөт – Казакстандын тышкы соода палатасынын башчысы

Экономика 0

Бишкек, 27.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан жана Казакстан кызматташуунун, анын ичинде иштиктүү алакалардын зарылдыгын түшүнүшөт. Ошондуктан учурда кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды саясатташтыруунун кажети жок. Бул тууралуу журналисттерге КМШ өлкөлөрүнүн палата жетекчилеринин кеңешинин “КМШ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташуусунун өнүгүшүндөгү палаталардын ролу жөнүндө” 15-жыйынында Казакстандын тышкы соода палатасынын жетекчиси Аян Еренов билдирди.

Анын айтымында, эки коңшу өлкөнүн чек арасындагы маселе узак мөөнөттүү келекчекте жөнгө салынат.

“Биз, ишкерлер катары конструктивдүү диалогго чыгып жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата биз көйгөйдү көргөн жокпуз. Ооба, кыйын учурлар болду. Бирок биздин түшүнүгүбүздө соода өнүгө берет, анткени Кыргызстан менен мамилебиз жакшы”,- деди ал.

Еренов кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жөнгө салынарын белгиледи. Ал кечээ жакында эки өлкөнүн премьер-министрлеринин ортосунда маанилүү документке кол коюлганын эскертти. “Ошондуктан кырдаалды татаалдаштыруунун жана саясатташтыруунун кажети жок”, - деп кошумчалады ишкер.

Ошондой эле Казакстандын тышкы соода палатасынын башчысы чек арадагы жагдай Казакстанда азык-түлүк продуктуларынын баасына таасирин тийгизбегенин билдирди.

“Казакстандын ишкерлери азырынча бизге бул жагдай боюнча кайрылышкан жок. Биздин Кыргызстан менен мамилебиз кадыресе түрдө жүрүп жатат”, - деп ишендирди ал.

Пикир

Оставить комментарий