• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

3-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-майдан 3-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-июндарда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

1-3-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда күндүз жана 2-3-июндарда тоо этектеринде жаан тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 31-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз жана 2-3-июндарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-31-майларда жана 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда жана 1-3-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 31-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз жана 2-3-июндарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий