• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чамдаңыз! Маданият министрлиги «Ардактуу турист» наамын алууга сынак жарыялады. Жол-жобосу

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын 10 жерин кыдырган жаранга «Ардактуу турист» наамын ыйгарат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ички туризмди жандандыруу үчүн министрлик конкурс уюштурууну чечкен.

«Азыркы учурда 10 объекттини тандап алдык. Эгер кыргызстандыктар ал 10 жерге бара турган болсо, анда ага «Ардактуу турист» деген наам жана белектер берилет», - дейт ал.

Алар;

1. «Бурана» комплекси;
2. «Өзгөн» комплекси;
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси;
4. «Сары Челек» коругу;
5. Манастын күмбөзү;
6. Сан-Таш;
7. Сказка каньону;
8. «Арсланбап» улуттук коругу;
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси;
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү.

Сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

Пикир

Оставить комментарий