• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облустук милициясына 20 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшыруу иш-чарасы Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында бүгүн Бишкекте тапшырылды.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.

Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий