• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо маселеси талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда шаардык кызматтардын күтүлүп жаткан суукка даярдыгы тууралуу сөз болду.

Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде абал туруктуу, бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

Бишкек Жылуулук электр борбору, «Электр станциялары» ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана алардын авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барат жана күнүмдүк керектелүүчү системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.

Жыйында мэр бардык шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча ӨКМдин штабына билдирүүнү, ошондой эле жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну уюштуруу тапшырылды.

Ошондой эле шаар башчысы борбор калаанын социалдык объектилерин жана алардагы жылуулук режимин сактоону көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Ал эми Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

“Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн айрым аймактарында термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий