• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жогорку сот Ош шаардык жана облустук сотунун Мырзакматовго карата чечимин күчүндө калтырды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кечээ, 19-октябрда Жогорку сотто Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы, ошондой эле Ош облустук сотунун Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун токтому менен Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы, ошондой эле Ош облустук сотунун Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Ал эми Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандырылган жок.

Белгилей кетсек, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго карата 2014-жылы кылмыш иши козголгон. Ал шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда мамлекетке 29 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген деп айыпталган. Анда мурдагы шаар мэри өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ага издөө жарыяланган. 2015-жылы ал жети жылга соттолгон. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында орун алган башаламандык учурунда ал Кыргызстанга кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий