• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 20:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешкен аймактагы жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу "Белинский" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий