• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. 20-22-октябрда Бишкекте "АгроТехЭкспо-2023", "Органик Экспо 2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн "Алтын-Күз" жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө жана жармаңкеге үч күндүн ичинде республиканын бардык облустарынан 15 миңден ашуун дыйкандын келүүсү күтүлүүдө.

Бул иш-чарага катышуу маселеси боюнча Бишкек ш., Киев көч., 96а, 7-кабат, 712-кабинет, дареги боюнча кайрылыңыздар. Тел. (996-0312) - 664509, 623629, 664481. E-mail: tehinspekzia@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий