• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 токтому менен бекитилген дипломатиялык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, ТИМдин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт:

  • Консулдук департаменттин үчүнчү катчысы;
  • Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы;
  • КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы (иштөө пункту Баткен ш.);
  • Экинчи саясий департаменттин атташеси;
  • Төртүнчү саясий департаменттин атташеси (2 бирдик);
  • Консулдук департаменттин атташеси (2 бирдик);
  • Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси (2 бирдик);
  • Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси;
  • Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
  • Административдик бөлүмдүн башкы адиси;
  • Валюта-финансы департаментинин жетектөөчү адиси.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • арыз (бош кызмат ордун жана тестирлөө тапшыруу үчүн чет тилин так көрсөтүү менен)

эки нускада;

  • сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  • өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • 3х4 өлчөмдөгү сүрөт (2 д.);
  • паспортунун көчүрмөсү (ID);
  • зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү).

Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, КР Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык саясат бөлүмүнө конкурсант тарабынан жеке кийинки дарек боюнча берилиши зарыл: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57.

Документтер 2024-жылдын 9-февралынан тартып 22-февралын камтуу менен иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат (түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин).

Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 62 66 57 телефондору аркылуу, КР ТИМинин www.mfa.gov.kg жана КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот.

Пикир

Оставить комментарий