• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом деп бекитилүүдө – мэр

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом деп бектилүү алдында турат. Бул тууралуу шаары мэри Эрнисбек Ормоков жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында калаа башчысы 2023-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча отчет берди.

Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Отчет видео түрүндө экран аркылуу көрсөтүлдү. Андан соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Пикир

Оставить комментарий