• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө бир күндөн ашык убакытка суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00гө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ичүүчү суу төмөнкү даректерде жок болот: Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская - Шүкүров көчөлөрү, 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК. Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Ичүүчү суу 11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий