• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ички аскерлердин колбашчылыгынын, Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрдүн өздүк курамы жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теологиялык колледжинин студенттери катышты.

Иш-чарада катышуучулардын назарына И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теологиялык колледжинин көркөм өнөр тобу тарабынан даярдалган чыгармачылык программа жана мамлекеттик тил күнүнө арналган видеоролик тартууланды.

Соңунда Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен иш-чаранын активдүү катышуучулары грамота менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий