• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматовдун мурасы: КРнын Брюсселдеги элчилиги - фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык журналисттер Брюсселде жайгашкан Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрү жана Франциядагы элчилиги менен таанышышты.

Бул дипломатиялык өкүлчүлүктө көп жылдар бою улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов иштеген. 1990-1994-жылдар аралыгында ал Бенилюкс өлкөлөрүндөгү СССР жана Россиянын элчиси кызматын аркалаган. Андан кийин 2008-жылдын март айына чейин Франция, Бельгия, Люксембург жана Нидерландыдагы Кыргызстандын элчиси болгон.

КРнын Брюсселдеги элчилигинин имараты Кыргызстандын менчиги болуп эсептелет. Ал Айтматов иштеген мезгилде сатылып алынган.

Учурда элчиликте элчи Асеин Исаевди кошкондо 5 киши эмгектенет.

Дипломаттардын айтымында, Чыңгыз Айтматов алып келген “Жылкычы” эстелиги элчиликтин баалуу табериктеринин бири.

Пикир

Оставить комментарий