• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жантаев Ош — Ноокат — Раззаков жолун асфальттоо иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 19.07.23./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ош — Ноокат — Раззаков жолун асфальттоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аталган жолдун курулушун ийгиликтүү бүтүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн жана жол эки облусту бириктирип тургандыктан көптөгөн каттамдарды камтыганын эске алып, курулуш процессинде ар бир мүнөт манилүү экенин баса белгиледи.

Элчибек Жантаев жолду сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн курулушчуларды бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Белгиленгендей, учурда курулуш иштеринде 90 атайын техникалар пайдаланууда жана курулуштун сапатын 5 адамдан турган атайын лаборатория кызматкерлери көзөмөлдөйт. Жолдун бир тараптуу негизги иштери аткарылып, асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул жолдун бүткөрүлүшү жарандардын жашоосун жакшыртууда жана жол кыймылын жеңилдетүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жолду асфальттоо иштери план боюнча күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий