• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжа районунда аз камсыз болгон 69 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында Кара-Кулжа районунда аз камсыз болгон 69 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 100 миң сомдук сертификаттар президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, КР министрлер кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында Эмгек министрлигинин Кара-Кулжа райондук башкармалыгы тарабынан тапшырылды.

Иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов жана райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары М.С.Кокоев катышты.

Пикир

Оставить комментарий