• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө жаштар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш өттү

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө 16 жана 9 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр курама командалары арасында футбол боюнча «Алга-Фрунзе» футбол клубунун ардагерлерине арналган эл аралык турнир өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, турнирге Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 36 команда катышты.

Эл аралык турнирдин катышуучуларын сыйлоо аземи Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, турнир Кыргыз футбол союзун, Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана “Алга-Бишкек” футболдук клубунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий