• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда “бийик тоолуктарга көмөк” жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Марлен Маматалиев бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандарга жөлөкпулдун жаңы түрүн киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбооруна ылайык, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" КР мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

1) 5-берененин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакциядагы жаӊы пункт менен толукталсын:

“5) “бийик тоолуктарга көмөк” - 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул.”;

2) Мыйзам төмөнкүдөй редакциядагы 10-2 беренеси менен толукталсын:

“10-2 –берене. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул дайындоо

1. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул, алардын социалдык, экономикалык абалына карабастан 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүнөн кем эмес дайындалат.

2. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул алуучулар мамлекеттик жѳлѳкпүлдун башка түрүн алуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан алууга укукту.”;

3) 11-беренеде:

- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы “үй-бүлөгө көмөк ” деген сөздөрдөн кийин “жана 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) “бийик тоолуктарга көмөк” деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-бөлүктөгү "үй-бүлөгө көмөк" деген сөздөрдөн кийин “жана 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) “бийик тоолуктарга көмөк” деген сөздөр менен толукталсын.

Пикир

Оставить комментарий