• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР Жогорку сотунун төрайымы жана Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы расмий жолукту

Коом 0

Бишкек, 06.09.21 /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга барган иш сапардын алкагында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен расмий жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Жогорку соттун төрайымын Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев коштоп жүрдү.

Тараптар эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташтыгы, өз ара байланыштарды бекемдөө жаатында талкуу кылышты.

Нургүл Бакирова Түркиянын Сот жылынын ачылыш аземине жана "Апелляциялык соттордогу мыкты тажрыйбалар" эл аралык симпозиумуна катышууга чакыргандыгы үчүн Мехмет Акаржага ыраазычылык билдирип, иш чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

Кыргызстан менен Түркияны кылымдык тарыхы жана маданияты байланыштырып турарын, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы терең байланыштар жыл сайын бекемделип жаткандыгын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Нургүл Бакирова түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мехмет Акаржа бул демилгени толук колдой тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Мехмет Акаржа Түркияда өткөн “Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбасы” деген аталыштагы эл аралык симпозиумда жана конференцияларда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгүн кошумчалады.

Тараптар эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы тажрыйба алмашуу достук мамилелерди чыңдоого жаңы дем берип, укуктук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимдерин белгилешти.

Нургүл Баикрова ңки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржаны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тараптар бири-бирине белек тапшырышып, эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы байланыштарды бекемдей тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий