• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтий Франциянын КРдагы элчиси менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен жолукту, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар биргеликте кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө жаатында пикир алышты.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы аткарылып жаткан иштер талкууланып, Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан жүргүзүлгөн иштер жана бул жаатта атайын китептер, жума хутбалары даярдалып чыккандыгын айтып, элге туура диний баалуулуктарды жеткирүүдө өлкө аймагындагы имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жаткандыгын билдирип, терс диний агымдар менен күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу керектигин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми элчи Микаэль Ру КМДБнын бул жаатагы иши жакшы натыйжа бере тургандыгын айтып, бир топ мээнет кылуулар болгондугун жашырган жок.

Пикир

Оставить комментарий