• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президент санариптештирүү боюнча бардык маселелерди жеке өзү көзөмөлдөп жатат – Догоев

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Санариптештирүү боюнча бардык маселелер Кыргызстандын президентинин жеке көзөмөлүндө . Бул санариптештирүү тармагындагы бардык иш-чараларды активдештирүүнү күчөтүүдөгү саясий эрктин болушунун ачык тастыктоолорунун бири. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик органдарын санариптештирүү боюнча маалымат жыйынында президенттин санариптик трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев билдирди.

“Санариптештирүү долбоору биздин өлкөдө Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андан тышкары КРдагы санариптик трансформация маселелери боюнча эксперттик кеңеш иштейт. Санариптик трансформация ишкердиктин өкүлдөрүнүн катышуусусуз, жарандардын, жарандык сектордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын активдүү катышуусусуз мүмкүн эмес. Бүгүнкү конференция ишкердик санариптештирүү боюнча долбоорлорго кызыгып, аларга активдүү катышкысы келгендигинин далили. Конференциянын алкагында биз санариптештирүү тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун талкуулайбыз”, - деди Догоев.

Ошондой эле ал иш-чаранын идеясы долбоорду ишке ашыруу үчүн кантип эффективдүү жана оптималдуу чечимдерди кабыл алуу керектигиндеэкендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий