• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы Бишкекке келди

Коом 0

Бишкек, 11.09.23./Кабар/. Бүгүн Көз карандысыз мамлекеттердин (КМШ) шериктештигине мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун өкүлдөрү Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, чыгармачыл жана илимий интеллегенция өкүлдөрү алгач "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, Куран окулду.

Андан соң, меймандарга "Манас" кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун Ч. Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган "Шамбала" көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

Тасма тартуулоо алдында, Кинматография департаментинин директору Акжол Бекболотов сөз сүйлөп, бул тасманын көрсөтүлүшү Кыргыз кинематографисттери үчүн Кыргыз киноискусствосун, элибиздин каада-салтын жана маданиятын жайылтууда чоң мааниге ээ экендигин, тасма көптөгөн эл аралык кинофестивалдарга катышып, 40тан ашык сыйлыктын ээси болгонун белгилеп өттү.

Тасманын аягында меймандарга тасма жараткан топтун айрым мүчөлөрү тааныштырылып, Артыкпай Сүйүндүков тасманын маани, маңызына учкай токтолду.

Тасма көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Форум расмий түрдө өз ишин эртең, 12-сентябрда баштайт.

Анын алкагында билим, маданият жаатындагы темаларды талкуулаган пленардык жыйындар, тегерек столдор, КМШ мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" жана "Шериктештик дебют" сыйлыктарынын лауреаттарын сыйлоо аземи, ошондой эле КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти болот.

Пикир

Оставить комментарий