• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлиги 17 талапкерге нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензия берди

Коом 0

Бишкек, 11.03.24./Кабар/. Юстиция министрлиги тарабынан квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган 17 талапкерге нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензия берилди.

Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдын 11-октябрында Юстиция министрлигинин № 175 буйругу менен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн экзамендерди өткөрүүгө киргизилген мораторий алып салынды.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 27-февралынан 1-мартына чейин, Юстиция министрлигинде Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууну каалаган адамдар үчүн квалификациялык экзамен өткөрүлдү.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен, 130 талапкер чакырылган, анын ичинен 98 талапкер экзаменге катышууга келген.

Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 17 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү, 70%дан жана андан ашык туура жооп алышты.

Компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн адамдардын тизмеси:
1. Алимбекова Апал Кубанычбековна – 88 балл;
2. Асанова Мадина Курманкуловна – 88 балл;
3. Аширбеков Медер Маткаримович – 84 балл;
4. Муратбекова Салтанат Муратбековна – 93 балл;
5. Булатова Асел Качкынбековна – 90 балл;
6. Даминова Наргиза Давлятовна – 92 балл;
7. Иманбекова Айжамал Иманбековна – 87 балл;
8. Исаев Исмайилбек Хашимович – 99 балл;
9. Камилова Наргиза Камиловна – 86 балл;
10. Кубакеева Бактыгуль Алымбековна – 97 балл;
11. Канимет кызы Нурайым – 99 балл;
12. Мамбетова Аида Узаковна – 87 балл;
13. Омеркулова Бурул-Жанна Кулматовна – 108 балл;
14. Рахманова Александра Владимировна – 107 балл;
15. Султанова Айдай Алимбековна – 92 балл;
16. Токторова Жазгулим Маматжановна – 87 балл;
17. Ураимов Улукбек Абдилазизович – 85 балл;

Пикир

Оставить комментарий