• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги "Мурас-Ордо" суу алгычында түтүктүн бир бөлүгү алмаштырылат

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. “Мурас-Ордо” суу алгычында 27 метр узундуктагы түтүктүн авариялык бөлүгүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түтүктөрдү модернизациялоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын башында башталган. Узундугу 12 метрди түзгөн түтүктү оңдоо иштери 19-ноябрда аяктайт.

Экинчи этапта дагы 15 метр түтүктү алмаштыруу каралган. Бул иштер суунун агып кетишинин алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

«Мурас-Ордо» суу алуучу жайы Биринчи май районунун «Мурас Ордо» конушунун тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууда.

«Бишкексууканал» башкармалыгы 2015-жылы суу алгычты техникалык тейлөө үчүн өзүнө алган.

Пикир

Оставить комментарий