• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов: “Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы”

Коом 0

Бишкек,01.10.21. /Кабар/. 1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун райондорунда жашаган карылардын үйүнө барып, алардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы азык-түлүк жана акчалай сыйлык тапшырып, ата-апаларды куттуктады.

“Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый-урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, 1-октябрь эл аралык карылардын күнүнө карата Ош облусунун өнүгүшүнө жана түптөлүшүнө салымын кошкон 50 дөн ашуун ата, апаларга майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

Пикир

Оставить комментарий