• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алтын, инфляция, насыялар жана жылдын башка актуалдуу маселелери – Улуттук банктын төрагасынын маеги

Коом 0

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, алтын, инфляция, насыялар жана жылдын башка актуалдуу маселелер тууралуу айтып берди.

— Кутмандуу күнүңүз менен, Кубанычбек Кеңешович! Биринчиден, редакциябызга маек куруп берүүгө макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз сизге Кыргызстандын экономикасы, банк системасы жана валюта рыногундагы кырдаал боюнча бир нече суроолорду берүүнү туура көрдүк. Алгач Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча болжолдоолоруңуз тууралуу айта кетсеңиз.

Саламатсыздарбы! Өзүңүздөр билгендей, акча-кредит саясатын иштеп чыгууда Улуттук банк орто мөөнөттүү экономиканы өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлеринин натыйжаларына таянат. Ал эми, азыркы мезгилдин соккуларын жана өбөлгөлөрүн максималдуу түрдө эсепке алганда, Улуттук банктын азыркы болжолдору боюнча, 2023-жылдын акырына карата ИДПнын реалдуу өсүшү болжол менен 3,3 пайызды, «Кумтөрдү» эсепке албаганда 4,6 пайызга жакынды түзөт.

— Өлкөдөгү инфляция боюнча кандай божомолдор бар?

— 2023-жылдын аягында инфляция (өткөн жылдын декабрына карата) 10%-12% тегерегинде болжолдонот. Мында бир катар коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, ошондой эле Бишкек шаарында коомдук транспорттун жол киресинин жогорулоосу эске алынган.

2023-жылы Борбордук Азия аймагында акыркы беш жыл ичиндеги түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрүнүн орточо деңгээлине салыштырмалуу түшүмдүн жогору болушу күтүлүүдө. Бул азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүн кармап турууга шарт түзөт.

Инфляциялык жагдай мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуусуна, ошондой эле сомдун АКШ долларына карата алмашуу курсунун динамикасына жараша түптөлөт.

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине дайыма баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларды көрөт.

— Учурда өлкөдөгү каржы рыногундагы абал кандай?

— Жалпысынан банк системасы өзүнүн туруктуулугу сактоодо. Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, чакан жана орто бизнестин ишмердүүлүгүн колдоого багытталган мамлекеттик программалар менен бирге кредиттөө көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түздү. Жыл башынан бери банктардын жалпы кредит портфели 2023-жылдын июнь айынын акырына карата 11,9 пайызга көбөйүп, 228,4 млрд сомду түзгөн. Коммерциялык банктардын кредиттерин долларлаштыруу деңгээли 6 айдын жыйынтыгы боюнча 21,7 пайызга чейин төмөндөгөн.

Мындан тышкары, 2023-жылдын июнь айынын акырына карата коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү жыл башынан бери 14,5 пайызга көбөйүү менен 387,9 млрд сомду түздү.

Банктардын уставдык капиталы 2023-жылдын башынан бери 44,2 миллиард сомдон 51,0 миллиард сомго чейин көбөйдү. Отчеттук мезгилде банктардын капиталынын көбөйүшү банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун чыңдоого өбөлгө түзгөн. Албетте, бул көрсөткүчтөр элдин банктарга болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет.

— Валюта рыногунда абал азыр кандай болуп жатат?

— Жалпысынан Улуттук банк тарабынан өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында валюта рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда. Алмашуу бюролорунда жана банктарда накталай АКШ доллары жетиштүү көлөмдө. Алмашуу операциялары эч кандай чектөөсүз жүргүзүлүүдө. Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди алып барууда. Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда, Улуттук банк тиешелүү таасир этүү чараларын колдонот.

2023-жылдын башынан тартып 17-июлуна карата АКШ долларынын расмий курсу 2,56% өсүп, 87,8700 сом түзгөн. 2023-жылдын башынан тартып 14-июлуна карата, алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында, Улуттук банк 500,20 млн АКШ долларын сатуу боюнча он интервенция өткөрдү. Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялар ушул эле мезгилде жүргүзүлгөн эмес.

— 2023-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан канча алтын жана канчага сатылды? Улуттук банк Кумтөрдүн канча алтынын сатып алды?

Улуттук банктын эл аралык резервдерин толуктоо максатында, Улуттук банк мыйзамдарда каралган Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтынды артыкчылыктуу сатып алуу укугунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алуу боюнча операцияларды мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат.

Бул операциялар алтын өндүрүүчү ишканалар менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда алтынды сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана жүргүзүлөт.

Улуттук банк эл аралык резервдерди эффективдүү башкаруунун алкагында, борбордук банктар үчүн стандарттуу болуп эсептелген алтын боюнча, анын ичинде сатуу, сактоо, тышкы рынокто жайгаштыруу операцияларын жүргүзөт. Бул эл аралык резервдердин ликвиддүү бөлүгүн өз убагында жана ыкчам толуктоо максатында, ошондой эле тиешелүү акча-кредит саясатын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк валютада төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн керектелет. Жыл башынан бери Улуттук банк тышкы рынокко 3,97 тонна алтын сатты.

— Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы виртуалдык активдер менен операциялар боюнча эсептешүүлөр накталай эмес формада жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Өлкөдө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун пайда болушу экономикага кандай таасирин тийгизет?

Виртуалдык активдер чөйрөсүн көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган болуп - Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы бекитилген. Ошондуктан, виртуалдык активдерге байланыштуу кызмат көрсөтүү тартибин аныктоо аталган кызмат тарабынан жүргүзүлөт. Өлкө аймагында виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты, валюта жана баалуу кагаз болуп саналбайт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валюта – сом жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат.

— Калктын жеткиликтүү насыя алышы үчүн кандай технологиялар иштелип жатат?

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Улуттук банк кардарларды аралыктыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибин аныктаган.

Анын алкагында коммерциялык банктарда фото жана видео идентификациялоо аркылуу жаңы кардарлар үчүн банктык операцияларды аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Учурда Улуттук банк банктар тарабынан кредиттерди берүүнүн автоматташтырылган тутумун колдонууну стимулдаштыруу боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, кредиттик рейтингдин негизинде (негизги кардарлар үчүн 250 000 сомго чейин жана кайталануучу кардарлар үчүн 500 000 сомго чейин) аралыктан берилүүчү кредиттердин көлөмү (жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомго чейин) жана күчөтүлгөн электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 300 000 сомго чейин) көбөйтүлдү

— Өлкөдө канча көйгөйлүү насыя бар?

— Жыл башынан бери банк тутумунун кредит портфелинде классификацияланган кредиттердин үлүшү 1,9 пайыздык пунктка кыскарып, 10,9 пайызды же 24,9 млрд. сомду түзгөн. Жалпысынан банк секторунун кредит портфелинин сапаты канааттандырарлык деңгээлде. Белгилей кетсек, акыркы жылдары мөөнөтү өткөн кредиттердин үлүшү азайып, 2023-жылдын 1-июлуна карата кредиттик портфелдин 8,2%ын түздү (2021-жылы -10,5%, 2022-жылы - 8,6%).

— Улуттук банкка банктар боюнча жарандардан канча даттануулар түштү?

— Банктык кызматтан пайдаланган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун негизги инструменттеринин бири - жарандардын кайрылууларын кароо. 2022-жылы Улуттук банк керектөөчүлөрдүн 948 кайрылуусун караса, жыл башынан бери мындай арыздардын саны 479га жеткен. 2022-жылы жеке кабыл алууну уюштуруу менен 1300дөн ашык жаранга, ал эми 2023-жылдын башынан 17-июлга чейин банктык кызматтардан пайдаланган 335 керектөөчүгө юридикалык кеңештер жана жардамдар берилди. Кайрылуулар негизинен банктык эсептерди, депозиттерди, акча которууларды тейлөө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын тактоо, кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудагы көйгөйлөр, карызды кайра каржылоо, банк менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын мыйзамдардын талаптарына дал келе турганын текшерүү, күрөөнү сатуунун тартиби, соттун чечимдерин аткаруу жана башка маселелерге тиешелүү болгон.

— Улуттук банк жарандарга кандайча жардам көрсөтө алат?

— Улуттук банктын маанилүү милдеттеринин бири банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытында иш алып баруу болуп саналат.

Алсак, күнүмдүк негизде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо, банктык кызматтардан керектөөчүлөргө консультация берүү боюнча иштер жүргүзүлүп турат, ошондой эле Улуттук банктын жетекчилиги жарандарды жеке кабыл алып, ал эми кызматкерлер жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн телефон аркылуу жана башка байланыш каналдары аркылуу да консультация беришет.

Улуттук банк банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн карыз алуучулар жана кредиторлор ортосунда келип чыккан талаш маселелерди жөнгө салуу механизмдерине жана жолдоруна тиешелүү бардык суроолоруна жооп жөнөтөт.

Улуттук банк мыйзам талаптарына ылайык, карыз алуучу менен кредит берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдик мамилеге кийлигишүүгө укугу жок. Кредит берүүчү менен карыз алуучу ортосунда мамилелер, күрөө коюучу менен күрөө кармоочу ортосунда мамиле сыяктуу эле, жарандык-укуктук мүнөзгө ээ. Мындай мамилелерден улам келип чыккан бардык маселелер тараптардын өз ара сүйлөшүүсү (тынчтык жолу менен жөнгө салуу) аркылуу же болбосо соттук тартипте чечилет.

— Жарандар аманаттарын кайсы банкта сактаганы туура болот?

— Банктык депозит – бул акча сактоонун жана киреше алуунун эң оңой жолу Мындай инвестициянын негизги артыкчылыктарынын бири бул “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” мыйзамы. Ал ар бир аманатчыга кепилдик учур келгенде 1 миллион сомго чейинки акча каражаттарын кайтарып алууга кепилдик берет. Белгилүү бир банкка аманаттарды салууну чечүүдөн мурун, банктын тарыхын изилдеп, салыштырмалуу талдоо жүргүзүп, сизге сунушталган шарттар менен таанышып, акчаны инвестициялоонун валютасын жана максатын чечишиңиз керек. Өзгөчө, келишимге көңүл буруп, анын ар бир пункттун изилдеп, суроолоруңуз болсо адиске же банк кызматкерине кайрылыш керек.

Коммерциялык банктардын тизмеси жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган микрофинансылык уюмдардын реестри Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий