• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Теңгиз Бөлтүрүк: Биз Кумтөрдө алтын казып алууну көбөйтөбүз

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк “Ала-Тоо 24” каналына маек куруп, Кумтөр кенинде аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бул жылы 17,5 тонна алтын казып алуу пландалууда.

“Биздин дарекке карата ар ким ар түрдүү сындарды айтууда. Алардын арасында мурдагы депутаттар бар, алар жалган айтып жатышат. Барынан мурда – Кумтөр биздики, ал биздин мамлекетке иштеп жатат деп айткым келет”, - деди ал.

Андан ары Бөлтүрүк коомчулукта өткөн жылы аз алтын казылып алынды, болгону 14,5 тонна алтын казылып алынган деген кептер бар экенин билдирди. Анын айтмында, 14,5 тонна Centerra Gold Inc. компаниясынын планы болгон.

“Бул жерден ошол 14,5 тонна алтын Centerra тарабынан белгиленгенин, биз аны жөн гана аткарганыбызды белгилей кетүү керек. Бул жылы казып алууну 17,5 тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бирок эң башкысы биз казып алуунун стратегиясын өзгөрттүк. Изилдөөнүн жыйынтыгында биз муну менен катар болжол менен 70 тоннаны жоготушубуз мүмкүн деген жыйынтыкка келдик. Бирок калдык сактоочу жайда 106 тоннадай алтын бар. Учурда ал жактан кен казуу технологияларынын үстүнөн иштеп жатабыз. Болжол менен 65 тонна өндүрүүнү пландоодобуз, бул айырмачылыктын ордун толтура алат”, - деди ал.

Теңгиз Бөлтүрүк ошондой эле 2024-жылга карата жер алдындагы кенди иштетүүнү пландалып жатканын, ал жерден жылына 3-4 тонна алтын казууга болорун кошумчалады. “Жер астында кендер бар. Биз аларды өндүрө баштадык. Жер астында абдан бай кендер бар", - деп жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөрдун мурасы" улуттук компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий