• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте “жөө жүргүнчү” рейди жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында “жөө жүргүнчү” аттуу рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын жолдо жүрүү тартибин жогорулатуу.

Аталган иш-чарага райондук милиция кызматкери, төрт райондун өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлору жана ошондой эле шаардык автоинспекция кызматкерлери катышып, эл көп жүргөн шаардын баардык тилкелеринде, мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүндө кызмат алып барып, жүргүнчүлөр жана айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сакталышын көзөмөлдөйт.

Мектептерде автоинспекция кызматкерлери балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий