• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Зилалиевдин тушунда тоо кен тармагында эң көп лицензия бөлүштүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда тоо кен тармагындагы лицензиялардын көпчүлүгү берилген. Бул тууралуу бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин отурумунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

"Зилалиев мамлекеттик комитетти (Өнөр жай, жер казыналарын пайдалануу комитети) жетектеген жана вице-премьер болуп турган маалда болгон лицензиялардын үчтөн экиси кайра бөлүштүрүлгөн. Анын ичинде алтынга, сууга жана көмүр боюнча 333 лицензия бар", - деди Кадыркулов.

Анын айтымында, бузуулардын катарында башка адамдарга берүү үчүн лицензияларды тартып же кайтарып алуулар болгон.

Ошондой эле УКМКнын башчысы мыйзамсыз баюу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Зилалиев менен байланышкан 13 компания боюнча факттар иликтенип жатканын белгиледи. Бирок алар кайсы компания экенин айткан жок.

Пикир

Оставить комментарий