• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети сертификатталган үрөндөрдү сатып алууга каражат бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинети 2024-жылдын жазгы айдап себүүсү үчүн сертификатталган үрөндөрдү сатып алуу үчүн каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайым министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргызстандын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары менен мамлекеттик дотацияга бүгүнкү күндө 10 келишим түзүлдү.

Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 2348,52 тоннаны түздү. Анын ичинен:

- жаздык буудай 608,0 тонна;
- жаздык арпа 1724,0 тонна;
- беденин үрөнү 16,52 тонна.

Пикир

Оставить комментарий