• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк микрофинансы компаниялардын биринин каттоо күбөлүгүн жокко чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы микрофинансы компаниясынын каттоо күбөлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 11-мартынан тартып Бишкек шаары, Игембердиев көчөсү 1а, "Аврора" бизнес-борбору, 3-кабаты дареги боюнча жайгашкан "Кредит Сервис" МКК" ЖЧКнын 2009-жылдын 9-июлундагы эсептик каттоо тууралуу №226 күбөлүгү кайтарылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий