• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов: РКӨФ насыя алууну жеңилдетүү үчүн жаңы аракеттерди жасады

Экономика 0

БИШКЕК, 21.08.17 /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Насыя алууну жеңилдетүү жана чоң бизнести колдоо максатында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда 4 кадам жасалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов билдирди.

“Биринчи кадам - фонд пайыздык үстөктү жылына 7ден 4 пайыз АКШ долларына чейин төмөндөттү. Ошондой эле, экономиканын тармагына карап, насыя берүүнүн убактысы 5тен 15 жылга чейин жогорулады. Берилген насыядан кайра каржылоо жагы 30 пайызга чейин мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Андан сырткары, экономиканын тармагынын тизмеси кеңейди”,- деп билдирди Кулматов.

Фонд ошондой эле, банктар менен кызматташуусун кеңейтти: эгерде 2016-жылы 9 банк менен кызматташса, учурда 13 банк менен биргелешип иштешүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий