• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө дээрлик 29 млрд сом коротот

Экономика 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө (тышкы жана ички карыз) дээрлик 29 млрд сом коротот. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ушул жылдын январь-февраль айында мамлекеттик карызды төлөөгө 5 млрд 362 млн сом сарпталган. Ал каражаттын 1 млрд 655,5 млн сому тышкы карыз, 3 млрд 706,5 млн сому ички карызды жабууга жумшалган.

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 28 млрд 818,8 млн сом каралса, анын 16 млрд 163,3 млн сому тышкы карызга коротулат: 4 млрд 328,7 млн сому пайыздар боюнча, 11 млрд 834,6 млн сому негизги сумма боюнча.

Ал эми ички карызды төлөөгө 12 млрд 655,5 млн сом каралууда: 4 млрд 93,2 млн сому пайыздар боюнча, 8 млрд 562,3 млн сому негизги сумма боюнча.

Пикир

Оставить комментарий