• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык штаб: Баланы бакчага жиберүү же жибербөө маселесин ата-эне өзү чечет

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Кыргызстанда 16-марттан 8-апрелге чейин жалпы билим берүүчү мектептерде окугандар жана жогорку окуу жайларынын студенттери каникулга эрте чыкканын билдирди. Анын айтымында, жарандык коомдон эмне үчүн бул чечим бала бакчаларга тиешеси жок деген суроолор келүүдө.

Республикалык штабдын мүчөлөрү балдарын таштай турган адамы жок, карай турган кишиси жок иштеген ата-энелерге шарт түзүү зарыл экенин белгилешти. Буга байланыштуу бала бакчалар иштейт. Канча бала келгенине карабастан бакчалар аларды кабыл алып, тийиштүү кызматтарды көрсөтүшү керек. Баланы бакчага жиберүү же жибербөө маселесин ата-эне өзү чечет. Ошол эле учурда бала бакчаларда Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары катуу сакталып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүшү шарт.

Республикалык штабдын мүчөлөрү ата-энелерди балдарын эл көп чогулган жерлерге, оюн аянтчаларына, соода-көңүл ачуучу борборлорго, компьютердик клубдарга кинотеатрларга алып барбай турууга чакырат. Карантин маалында үйдө болуу сунушу киргизилди.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ата-энелер балдарына өздүк гигиена эрежелерин сактоо, сасык тумоонун алдын алуу, анын ичинде коронавирус тууралуу түшүндүрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий