• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банктын резерви 2 млрд 740 млн долларды түзөт – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резерви 2 млрд 740 млн долларды түзөт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта Улуттук банк эмне себептен резервдеги каражаттарды коротуп, интервенция жасап жатат деген суроолор жаралууда.

"Эгер биз долларды сатпасак, анда доллардын куну 300-400 сомго чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Улуттук банктын негизги максаты – сомдун кунун сактоо", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий