• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытай соода-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кечээ, 24-августта экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Чет өлкөлөрдөгү кытайлык ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясынын президенти Хэ Чжэнвэй башында турган делегация менен жолукту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар кытайлык ишканалардын Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуусу, тыгыз байланыштарды түзүү, үзгүлтүксүз сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу, ошондой эле соода-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ыкчам өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары бардык деңгээлдеги кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын белгилеп, жеңил өнөр жай, өндүрүш, энергетика, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, туризм жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ассоциациянын президенти инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн камтуу үчүн өнөр жай кооперациясынын механизмин колдонууну, инвестициялык форумдарды жана өз ара көргөзмөлөргө катышууну сунуштады.

Тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары прогрессивдүү жана жемиштүү өнүктүрүү максатында тыгыз кызматташууну бекемдөөгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий