• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москванын “Шереметьево” аэропортунда күзөтчүлөр Кыргыстандык таксистерди сабашкан

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. КРнын Россиядагы элчилиги “Шереметьево” аэропортунда кыргызстандык таксисттер менен жеке күзөт мекемесинин күзөтчүлөрү ортосунда болгон мушташтын чоо-жайынын иликтенишин көзөмөлгө алды.

Элчиликтен билдиришкендей, 25-26-августта элчиликтин кызматкери аэропортогу Россия ИИМинин башкармалыгына барып, полиция жетекчилиги жана таксистер менен жолугушкан. Ал “Вымпел Центр” жеке күзөт мекемесинин кызматкерлери менен болгон окуя боюнча маалымат алган.

Элчилик аталган окуяны объективдүү териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча полицияга расмий кайрылуу жасаган.

Учурда окуя териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий