• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Персоналдык пенсионер Күлүкан Казиева дүйнө салды — некролог

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. 7-январда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, эмгек ардагери, эмгек сиңирген пенсионер, Кыргыз Республикасынын персоналдык пенсионери Казиева Күлүкан Казиевна дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Казиева Күлүкан Казиевна 1935-жылы 1-майда Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүтүргөн.

1958-жылы – В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

1958-жылы жолдомо менен Кант районунун Горная-Серафимовка жети жылдык мектебине орус тили жана адабияты мугалими болуп жиберилген.

1971-жылы Горная-Серафимовка жети жылдык мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалган.

1976-19860-жылдары аталган мектептин директору болуп эмгектенген.

Коомдук ишмердүүлүгү:

1960-1987-жылдары Ысык-Ата районунун айылдык кеңешинин депутаты,

1980-1987-жылдары Кант районунун депутаты болгон.

Сыйлыктары:

1979-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы,

- “Даңк” медалы,

- Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы,

- педагогикадагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган туулган күнүндө “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы,

- Ысык-Ата айылдык кеңеши тарабынан “Айылдын ардактуу атуулу” наамы.

5 баланы тарбиялап, 13 небереси жана 16 чөбөрөсү бар.

КР Билим берүү жана илим министрлиги Казиева Күлүкан Казиевнанын туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий