• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов учурда өлкөдө кайсы дары-дармектерге таңкыстык болуп жатканын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов учурда өлкөдө кайсы дары-дармектерге таңкыстык болуп жатканын айтып берди.

"Саламаттык сактоо министрлигинин 14-июлдагы буйругу менен коронавирусту дарылоо үчүн дары каражттардын жана медициналык буюмдардын тизмеси жаңыртылды. Бул биздин фармацевтика, дары-дармек ташуу тармагында алектенген компаниялардын суранычы боюнча жасалды. Дары-дармектердин 56 аталышы жана медициналык буюмдардын 59 позициясынан турган жаңы тизме түзүлдү. Антикоагулянт менен антиреагенттер тобунан эң керектүү жана көлөмү жагынан зарыл болгон дары каражаттарынын 8 позициясы тандалып алынды. Бүгүнкү күндө кээ бир дарыканаларда кээ бир позициялар боюнча таңкыстык болуп жатат. Негизги таңкыстык болгон антибиотиктин 6 түрүн айта кетсем: ванкомицин, линезолид, цефтазидим, цефоперазон, имипенем, амикацин. Бул дарылар такыр жок эмес, бирок таңкыс, айрыкча Бишкек шаарында таңкыс болуп жатат. Бул жаатта абал акырындан турукташат, турукташып жатат. Сиздер билгендей башында клексан, гепарин сыяктуу дарыларга таңкыстык болгон. Фармкомпанияларгы ыраазычылык билдирип кетем, алардын жардамы,
мамлекеттин киришүүсү менен тез арада абалды түздөгөнгө мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнкү күндө ал дарыларды шаардан тапса болот. Ал эми алардын баасы боюнча өкмөттүн тиешелүү мекемелери тынбай иш жүргүзүп жатат", - деди ал.

Анын айтымында, 1-июлдан 17-июлга чейин өлкөгө антикоагулянт жана антиагреганттардын 34 миң 660 таңгакчасы алынып келген.

"Алардын ичинен 7,7 миң таңгакчасы клексан дарысы, 1,5 миң таңгакчасы фенокс, 15 миң таңгакча гепарин дарысы. Биринчи күнү келгенде бардык дары-дармек биринчи саатта эле сатылып кетип жатты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий