• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

2022-жылы ишкерлердин кайрылуулары боюнча 107 чиновник жазаланган

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы ишкерлердин Башкы прокуратура жана Бизнес-акыйкатчы институтуна кайрылуулары боюнча 107 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова бүгүн, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында сүйлөп жатып билдирди.

Кайрылуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын сактоого 173 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча:

• 408 бузуулар аныкталган;
• аларды жоюу боюнча 178 прокурордук жөнгө салуу актысы берилген;
• берилген актылар боюнча 107 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

2022-жылы Бизнес-акыйкатчы институту тарабынан мамлекеттик органдарга 5 жооп актысы жиберилген, анда ишкердик субъекттеринин укуктарынын бузулушун четтетүү жана системалык көйгөйлөрдү четтетүү боюнча сунуштар камтылган. Аталган мекеменин ишмердүүлүгүнүн аркасында ишканалар 171 млн 262 миң сом же 2 миллиондон ашык АКШ долларын кайтарып бере алышкан.

Пикир

Оставить комментарий