Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев калаа тургундарына кайрылуу жасады.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Эгер биз аң-сезимдүү болбосок коронавирус ар бирибизге жугушу мүмкүн.
Ушундай кырдаалда улгайган ата-энелерди жалгыз калтырбай жанында болуу зарыл. Биз азыр колубуздан келишинче улгайган адамдарга ата-энелерибизге колдоо көрсөтүүбүз керек. Өзгөчө ата-энелерин карап жаткан жарандар, аларды жалгыз калтырбаңыздар, жандарында балдары болушу керек, анткени коронавирустан эң биринчи кезекте кары адамдар жабыркайт.
Пикир
Оставить комментарий