• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Эске сала кетсек, күн мурун, 20-сентябрда, Араван районундагы А. Юсупов айылында массалык мушташ болгон. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Ильхом Маннановдун сүйлөгөн сөздөрү башка партиянын өкүлдөрүнө жакпай, өз ара чыр чыгып, натыйжада мушташ башталган. Окуянын натыйжасында автоунаалар талкаланып, кеминде 12 адам жараат алып, 10 адам милицияга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий