• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 4 миңдей адам катышкан ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. 19-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Баткен облусунда массалык ишембилик болуп өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке жалпы мекеме-ишканаларда эмгектенген 4 миңдей кызматкер катышты. Алар санитардык эрежелерди сактоо менен өз аймактарын тазалап, ирээтке келтиришкен.

"Ошондой эле бул күнү Баткен шаарында шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган жаш активисттер эс алуучу жайларды, көчөлөрдү акыр-чикирлерден арылтышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий