• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Чүй облусунда медицина кызматкерлерине акыркы үч ай үчүн кошумча төлөмдөрү төлөнүп берилген

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине акыркы үч ай үчүн кошумча төлөмдөрү төлөнүп берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Медицина кызматкерлерине март, апрель жан май айлары үчүн кошумча төлөмдөр төлөнгөн.

“Облустагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун баары кадимки тартипте иштеп жатат. Стационарлар шашылыш кайрылгандарды кабыл алып иштөөдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий