• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте батирдин бир чарчы метри $730, ал эми Ошто $498 турат

Экономика 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Бишкекте батирдин бир чарчы метри $730, ал эми Ошто $498 турат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Каттоо кызматы билдиргендей, Бишкекте үйлөр менен батирлердин сатылышы арткан. Маселен, борбор калаада 2019-жылдын апрель айында кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу (турак-үй жана батир) боюнча 1 миң 419 келишим катталган. Ал өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,45%га көбүрөөк.

2018-жылга салыштырмалуу турак үйлөрдүн 1 чарчы метринин баасы сом (54 миң 470 сом/м2) менен 5,11%га жана доллар (800 долл./м2) менен алганда 5,96%га кымбаттаган. Апрель айында жеке турак үйлөрдүн да баасы кымбаттаган (+0,84%): 2018-жылы турак үйдүн орточо баасы 52 миң 799 доллар болсо, бир жыл ичинде ал 53 миң 243 долларды түзгөн.

Ал эми Ош шаарында 2019-жылдын апрель айында турак үй кыймылсыз мүлкү боюнча 309 келишим катталган. Ал 4,75%га өскөн. Бирок, келишимдердин өсүшү батирлер (+10,12%) боюнча гана катталып, жеке турак үйлөр боюнча келишимдер азайган (-22,92%).

Ош шаарында турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 432 долларды түзгөн (-1,14%). Жеке турак үйдүн бир чарчы метринин наркынын арзандашы анын сомдук (-10,2%), жана доллардык (-10,11%) баасынын төмөндөшүнө алып келген.

Бишкекте апрель айында батирдин (104, 105, 308-серия, жеке типтеги батир) бир чарчы метринин орточо баасы 730 доллар болуп, өткөн жылга караганда 0,4%га кымбаттаган.

Бир бөлмөлүү батирдин бир чарчы метри 755 доллар (+0,0%), эки бөлмөлүү $714 (-1,65%), үч бөлмөлүү $723(+0,28%), төрт бөлмөлүү $691 (+2,67) жана беш бөлмөлүү 740 доллар (-8,98%) болгон.

Ал эми Ош шаарында батирлердин (104, 105, жеке типтеги батир) бир чарчы метри 498 долларды түзүп, былтыркы жылдын апрель айына караганда 1,97%га арзандаган.

Бир бөлмөлүү батирдин баасы 503 доллар (+2,65%), эки бөлмөлүү $476 (-4,02%), үч бөлмөлүү $504 (+2,23%), төрт бөлмөлүү 415 доллар (-14,96%) болгон.

Пикир

Оставить комментарий