• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине катышты

Президент 0

Бишкек, 03.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Баарыбызды теӊ Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жыйырма беш жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!

Быйыл Ассамблеяга туптуура чейрек кылым толду.

Ал эми жалпы тарыхыбыз, чогуу тагдырыбыз кылымдарды карытып келет.

Манас атабыз кураган, ата-бабаларыбыз улаган, урпактарга жеткен, биримдиктүү, бирине-бири тирек болуп келген — бир эл, бир журтпуз.

Кыргызстандын аймагы — байыркы мезгилдерден эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгон.

Алар тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген.

Биздин жергебиз миӊ жылдар бою — толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген.

Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн. Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук.

Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.

Кыргызстан элинин ассамблеясы ушул улуу дөөлөттөрдү аздектеп сактап, аяр улап, урпактарга жеткирип келет.

Советтик мыйзамдардын күчү кетип, жаӊы коомго жүрүм-турумдун жаӊы нормалары сиӊе электе Ассамблея эл ынтымагы үчүн төө көтөргүс милдетти аркалады. Кудайга шүгүр, улут аралык чөйрөдө кылымдардан келаткан жалпы дөөлөттөрүбүздү, орток руханий байлыгыбызды бөлүп-жарбай сактап калдык, бирге болдук.

Ошол үчүн сиздерге чын пейлимден чыккан ыраазылык билдирем.

Урматтуу мекендештерим!

Биримдигибиз бекем болгондо Улуу кыргыз каганаты болуп дүйнөнү дүӊгүрөткөнбүз.

Ынтымагыбыз чыӊ болгондо Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Чынгыз Айтматов сындуу кеменгерлерди дүйнөгө берген коом болгонбуз.

Достугубуз бышык болгондо илим-билимдин, маданияттын очогу болгон байыркы Ош, атагы алыска кеткен Баласагын, айтылуу Суяб сындуу улуу шаарларды курганбыз.

Көчмөндөрдүн цивилизациясы гана эмес, сооданын, жер иштетүүнүн, уникалдык гидравликалык жана ирригациялык технологиялардын цивилизациясы катары дүйнөгө таанылганбыз.

Эми ошол улуу маданияттын, илимдин-билимдин, цивилизациянын очогу болгон жер, ошол улуу дөөлөттөрдүн ээси болгон эл катары кайра жаралуубуз керек.
Бирге болсок, ата–бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеӊиштердин ээси болобуз.

Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз.

Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Учурдан пайдаланып, баарыӊыздарды кирип келген 9 Май — Улуу Жеӊиштин майрамы менен куттуктайм!

Ар дайым Жеӊиштин ээси болгон эл бололу!

Элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде тынчтык болсун.

Жараткан өзү жар болуп, асыл максаттарыбызга чогуу жетели!

Сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды Кудайым колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий